
Жалал-Абад облустук милициясы сойкулук менен алектенген дагы бир кызды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши катталган.
"Жалал-Абад облусунда жүрүп жаткан “Притон” операциясы учурунда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө жана Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Сузак районунун тургуну 1989-жылы туулган А.Д. аттуу кыз сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталып, тергөөгө камсыз кылынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.