Былтыр алынган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси 3 ай мурун Казакстанда сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, сыноо Казакстандагы Сары-Шаган полигонунда болуп, алты жолу абадагы жана кургактыктагы буталарга атылган.
Белгилей кетсек, аталган техника Беларусь Республикасынан сатылып алынган.