Чолпон-Ата шаарында 15 жыл мурун катталган адам өлтүрүү кылмышына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 2008-жылдын 4-апрелинде Чолпон-Ата шаарында белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткылашып, унаанын ичиндеги 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев каза болгон. Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары жана номуру өчүрүлгөн Калашников автоматы табылган. Бул окуя прокуратуранын имаратынын жанында болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адам өлтүрүү) (эски кодекс) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды.
Аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1983-жылы туулган К. А. жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылы туулган К. Н. кармалып, камакка алуу чарасы тандалды.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку соттун имаратынын алдында кылмыш сууй электе кармалган.