
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө үч миң сомдук айып сала баштайт. Бул тууралуу мэрдин орун басары
Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында,эми автобус, троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштейт.
"Картаны аппаратка тийгизип төлөгөндөй түр көрсөтүп коюу схемасы эми иштебейт. Көзөмөлчүлөр жүргүнчүнүн картасын алып система аркылуу текшерет. Эгер төлөбөгөнү аныкталса айыпка жыгылат", — деди ал.