Биз социалдык тармакта

Белгилүү кыргыз продюсери Байыш Исманов каза болду

Белгилүү кыргыз сүрөтчүсү, Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү, ата мекендик көптөгөн тасмалардын продюсери Байыш Исманов каза болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайты билдирди.

"10-декабрда кечке жуук белгилүү кыргыз сүрөтчүсү, Кыргызстан Кинематографисттер союзунун мүчөсү, ата мекендик көптөгөн сонун тасмалардын продюсери Байыш Исманов күтүүсүздөн каза болду. Кыргызстандын кино коомчулугу Байыш байкенин үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза күтөт жана терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жазылды анда.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Байыш Исмановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан