Биз социалдык тармакта

Бишкектин көчөлөрүнө 382 тонна туз чачылды

Борбор калаада көчөлөрдү кардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Тазалык" муниципалдык ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды.

Ага ылайык, линияда 36 атайын унаа иштөөдө. Ошондой эле ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.

Учурда тротуарлар жана аялдамалар дагы кардан тазаланып жатат. Карды тазалоого линияга ишкананын бардык кызматкерлери чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан