Токтогулда издөөгө алынган жаран Казакстанга өтүп баратканда кармалды

Токтогулда уурулукка шектелип, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган кылмыш ишине шектүү катары 49 жаштагы С.У. аттуу жаранга 19-октябрда издөө жарыяланган.

9-декабрда Чүй облусунда жайгашкан кыргыз-казак “Ак-Жол” өткөрүү постунан Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну 1974-жылы туулган С.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал Токтогул районунда жайгашкан тез татым тамактануучу жайына түн ичинде уурулукка кирип, тиричилик техникаларын уурдап кеткен.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан