Биз социалдык тармакта

Салык кызматы УКМК кармаган 5 кызматкерин иштен алды

"Дордой" базарында салык жыйноого жоопту болгон кызматкерлер ишениминин жоктугуна байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койгон.

Алардын кызматтан алынышына УКМК тарабынан өткөн жылдардагы "Дордой" базарындагы коррупциялык схема боюнча айыпталып кармалышы негиз болгон.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК Салык кызматынын 5 кызматкерин коррупциялык схема түзгөн деген айып менен кармалганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан