Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 45 миң сом пара алып жаткан жеринен администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. кармалган.
Кармалган жаран бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.