Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери темир жолго жакын мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери темир жолго жакын мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жалал-Абад ОИИБдин Аба транспортундагы аэропортту тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы темир жолго жакын жайгашкан мектеп окуучулары менен жолугушту.

"Милиция кызматкерлери окуучуларга темир жолдон өтүү тартибин көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле темир жолдун ичи менен басууга тыюу салынарын, поезд келе жаткан учурда темир жолго жакындоого мүмкүн эместигин эскертишти", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан