Биз социалдык тармакта

"Түндүк" мобилдик тиркемесине никелешүү боюнча 2 документ кошулду

“Түндүк” мобилдик тиркемесине 2 жаңы санариптик документ кошулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мобилдик тиркемеге никелешүү тууралуу күбөлүк жана никени бузуу тууралуу күбөлүк кошулган.

Буга чейин мобилдик тиркемеде паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу юридикалык мааниге ээ санариптик документтер бар болчу.

Ошондой эле маалыматта жакында пенсиялык күбөлүктү кошуу пландалып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан