7708 аскер бөлүгүнүн сержанты Эржан Бексултанов GAMMA MMA боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпиондук 8-10-декабрь күндөрү Таиланд Падышалыгынын Бангкок шаарында өткөн. Анда аскер кызматкери 77 килограмм салмакта катышкан.