Бишкекте 14-декабрь күнү кышкы туристтик сезондун ачылышы болот
Борбор калаада кышкы туристтик сезондун ачылышы болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, расмий ачылыш аземи 14-декабрь күнү "Бишкек Арена" шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтөт.
Иш-чара популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү боюнча катышуучулар арасында ар кандай байгелүү сынактары менен уюштурулат.