Жоламан менен Акжол "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына ат салышууда

Кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2023-жылдагы "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына көрсөтүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

UWW 2023-жылдын грек-рим күрөшү боюнча эң мыкты балбан наамы үчүн ат салышкан беш балбанды атады. Талапкерлердин арасында кыргызстандыктардан тышкары кубалык Луис Орта Санчес, ирандык Амин Мирзазаде жана грузиялык Лери Абуладзе бар.

1. Луис Орта Санчес (Куба) - 67 килограмм салмакта рейтингде 1-орунда (86 400 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Пан Америка чемпиону, XIX Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, Загребде жана Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде коло байге ээси.

2. Амин Мирзазаде (Иран) - 130 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (76 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль.

3. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (65 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.

4. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан) - 60 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (68 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.

5. Лери Абдуладзе (Грузия) - 63 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (75 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Европа чемпиону, Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде алтын жана Египетте өткөн ушундай эле турнирде күмүш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан