Социалдык фонд 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68 миң 964 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде ноябрь айында 4 миң 865 жаранга пенсия чектелди.
Ал эми эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2 миң 107 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.