Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдагы айымдар арасындагы "Мыкты балбан" наамы үчүн ат салышууда. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрш уюмунун сайтына жарыяланды.
UWW 2023-жылы аялдар күрөшү боюнча эң мыкты деп эсептелген беш балбанды атады. Талапкерлердин Айсулуу Тыныбековадан тышкары япониялык Юи Сусаки менен Акари Фудзинами, америкалык Амит Элор жана түркиялык Бузе Тосун бар.
Айсулуу Тыныбеквоанын быйылкы жылдагы жетишкендиктери: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, Будапешттеги жана Египеттеги рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү, XIX Азия оюндарынын коло байге ээси.