Биз социалдык тармакта

“Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды  

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалдын жабылыш аземине министр Алтынбек Максутов катышып, сыйлык ээлерин куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырган.
Министр өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын максаты ынтымакты, достукту бекемдөө, искусствону жайылтып өнүктүрүү экенин баса белгилеп, Кыргыздын сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин айтты.
Андан соң катышуучуларга фестивалдын атайын сыйлыктары жана грамоталары тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн жыйынтыгы бул шилтемеде.
Белгилей кетсек, фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан