Бишкекте  изин жашырып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды 

Бишкекте 2023-жылдын ноябрынан бери издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү качып жүргөндүгүнө байланыштуу сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланган. Ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде соттолуучу болуп эсептелинет.

Бул факты боюнча ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражатын уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы аныкталган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан