Биз социалдык тармакта

Окуучулар эмне үчүн онлайн окууну эртең менен гана угушту? Министр жооп берди

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 13-декабрдагы маалымат жыйынында мектептерди онлайн окутууга өткөрүү буйругу эмне үчүн кеч маалымдалганын түшүндүрдү.

Министрдин айтымында, буйрук кечээ кеч кабыл алынган.

"Биз буйрукту кеч кабыл алдык. Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алдык. Анткени жолдогу тыгындар, мектепке жетүү оордугуна байланыштуу бул буйрук кабыл алынды.

Бул чечимди жалгыз эле Билим берүү министрлиги кабыл албайт, биз бир топ тармактар менен байланышабыз", - деди ал.

Бүгүн, 13-декабрда мектеп окуучулары онлайн окууга өттү. Айрым ата-энелер онлайн окуу тууралуу эртең менен гана угушканын айтып, нааразы болушууда. А түгүл бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан