Тигүү цехинен акча жана телефон уурдаган 53 жаштагы жаран кармалды 

Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалганын бүгүн, 13-декабрда Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда М.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 20 миң сом жана Redmi not 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатканын айткан. Анын айтымында ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан тигүүчү цехтердин биринен уурдаткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ( Уурдоо ) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан