Биз социалдык тармакта

"Арал", "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөөлөр алынды

Бүгүн, 13-декабрь Ош – Бишкек жолундагы "Арал", “Сосновка” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-декабрда Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Тактап айтканда, чектөө Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан