Биз социалдык тармакта

Ошто клиникалык оорукананын стерилизация бөлүмүн оңдоо иштери аяктады

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын стерилизация бөлүмүндө жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунда оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Медициналык аспаптарды стерилизациялоодо жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууда абаны натыйжалуу желдетүү үчүн жаңы желдетүү системасы орнотулду.

Ошондой эле канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары, сантүйүндөрү алмаштырылды. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан