Бүгүн, 13-декабрда УКМК Рыспек Акматбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Рыспек Акматбаевге куралдуу кол салышкан. Акматбаев башына жана көкүрөгүнө көптөгөн ок тийип алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Ошол учурда укук коргоо органдарынын айтымына ылайык, киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаган. Ал беткап кийип Рыспек Акматбаевди “Калашников” автоматынан атып, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаарын көздөй из жашырып кеткен.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-жылкы редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин резонанстуу кылмыш болуп, бети ачылбай келген.
Бирок УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Рыспек Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек), Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.
"Рыспек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда Марат Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн Камчы Көлбаев калган. Буга байланыштуу Алмамбет Анапияев менен Болот Самсалиев Камчы Көлбаевдин чыгышын күтпөстөн, Рыспек Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул фактылар Камчы Көлбаевдин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт", - деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.