GAMMA ММА боюнча өлкө курама командасы Бангкок шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 9 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул турнир боюнча курама команда 5 алтын, 4 коло медаль топтоп, командалык эсеп боюнча 3-орунду ээлеген.
Алтын медалдын ээлери:
- 52,2 килограмм Дооронбек Кылычбек уулу;
- 61,2 килограмм Жаныбек Абдувалиев;
- 70,3 килограмм Айжигит Эркебай уулу;
- 83, 9 килограмм Белек Абдижапаров;
- 94 килограмм Манас Темирбеков.
Коло медалдын ээлери:
- 65 килограмм Адилет Алимбай уулу;
- 94 килограмм Дастан Жумабек уулу;
- 77 килограмм Эржан Бексултанов;
- 65 килограмм Мухамед-Шах Мустафакулов
Белгилей кетсек Дүйнө чемпиондугу 5-10-декабрь күндөрү өтүп 40тан ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.