Биз социалдык тармакта

"Көпчүлүк аймактарда кар жаайт". 14-декабрга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13,

Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6,

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -20…-22, күндүз -8…-10° суук болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан