Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Катардын Доха шаарында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште алтын жана күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу 109 килограммга чейинки салмакта катышып түртүп көтөрүү ыкмасында 219 килограмм салмакты багындырып алтын медалга ээ болду. Жулкуп көтөрүүдө 162 килограмм салмакты көтөрүп жыйынтыгында 2-орунду камсыздай алды.
Ал эми 67 килограммга чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 килограммды багындырып 3-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, 4-декабрь күнү башталган Эл аралык мелдеш 14-декабрда жыйынтыкталат.