Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Анатолий Власичев казакстандык “Окжетпес” футболдук клубунун кароосунда жүрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, футболчу 2013-жылкы сезондо “Спартак” клубунун курамында Казакстандын биринчи лигасында ойноп, команданын курамында Премьер лигага чыккан. Ал эми Анатолий кароодо жүргөн “Окжетпес” клубу жогорку лигада аз упай топтоп, 1-лигага учуп кетти.
Эгерде “Окжетпес” клубу Анатолий Власичевди курамга алса, анда ал аталган клубда ойногон экинчи кыргызстандык футболчу болот. Эске салсак, бул клубда Кыргызстан курама командасынын дагы бир оюнчусу Азамат Байматов да ойноп келген.