Кыргызстандын 90 жараны үч күндөн бери Казакстандын талааларында суукта калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда парламентте депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Эл өкүлү алар “Хоргос” базарынан келе жатканда унаалары бузулуп калганын айтты.
"Тез арада жардам берсеңиздер. Тамак-ашы да түгөнүп калыптыр. -35 градус суукта талаада калдык деп кайрылып жатышат", - деди Жумабеков.
Ага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маселе көзөмөлүндө экенин айтып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.