Биз социалдык тармакта

Таласта ызгаардан суулар тоңуп, үйлөрдү каптоо коркунучу жоюлду

Манас районунун Кыргызстан айыл аймагындагы Талас, Манас айылдарынан агып өткөн Кара-Суу каналы тоңуп, турак жайларды суу каптоо коркунучун туудурган. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тоңгон муздарды талкалоо жана суунун нугун ачуу үчүн Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, жергиликтүү 9 тургун каналды муздан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

"Муз чагуу, тазалоо менен Кыргызстан айыл аймагынын Көк-Дөбө айылынан 228 үй, Манас айылынан 134 жалпысынан 362 турак жай суу каптоодон корголот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан