20-22-декабрь күндөрү борбор калаада Кыргыз Республикасынын кубогуна арналган спорттун грек-рим күрөшү боюнча чемпиондук уюштурулууда. Аталган спорттук иш-чарага Ош шаарынын 9 спортчусу катышат. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыков билдирди.