Бишкекте алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу И. жана М. аттуу жарандар анын Land Rover жана Renge Rover үлгүсүндөгү автоунааларын алдап алып, из жашырып кеткенин айткан. Келтирилген чыгым 35 миң долларды түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1998-жылы туулган А.М. жана 1998-жылы туулган И.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан