Чүй облусунун Аламүдүн районунда изделип жаткан Иланы Кошакова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-декабрда милицияга кыздын жакындары арыз менен кайрылышып, 29-ноябрь күнү 2008-жылы туулган Иланы Кошакова үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтышкан.
Милиция кызматкерлери кызды кечээ, 14-декабрда Жайыл районунун Алтын айылынан табышкан.