Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров жакырчылыкты жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтты. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 15-декабрдагы экинчи Элдик курултай учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, жакырчылыкты жоюу максатында социалдык келишимдин негизинде эч кандай пайызсыз 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдук каражаттар берилди.

Социалдык контракт боюнча долбоорлорубуз элибизге оң таасирин тийгизип жатат. Ушул жылы он миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк көрсөттүк. Кийинки жылы 20 миң үй-бүлөгө жардам кылуу мерчемделүүдө. Мындай аракеттер өлкөбүздөгү жакырчылыкты жоюу болуп эсептелет”, - деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнести өнүктүрүү үчүн каражат берүү республикадагы жарандардын абалы жакшырганга чейин уланарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан