Кыргыз куткаруучулары Казакстандын Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткарып, боордош казак элине жардам берип жатышат. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.
Кечиктирилгис куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.