Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Түп РИИБинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары У.А.К., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.С.Б. жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери У.К.Н. акча каражаттарын опузалап алуу фактысы боюнча кармалган. Алар зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, Түп районунун тургундарынан 100 миң сом талап кылышкан.
Талап кылынган сумманын 20 миң сому атайын даярдалган кыздарга берилип, 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калган милиция кызматкерлери кайрадан зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан.
Каракол шаардык сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин №23 тергөө абагына киргизилди.