Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайдын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүн жана жол кыймылынын коопсуздугун ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкерлери камсыз кылып, көзөмөлдү министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 15-16-декабрь күндөрү өтөт.

