Лейлекте элдин малын алдап алып, из жашырып кеткен. Шектүү Бишкектен кармалды

Лейлекте элдин малын сатып алып, акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Лейлек районунун тургундары К. аттуу жаран алардын ишеничине кирип, Раззаков шаарындагы мал базарда октябрь айынан бери бодо малдарын сатып алып турганын айтышкан. Шектүү бааланган сумманын аз бөлүгүн берип, калганын кийинчерээк берүүнү убадалап, бирок бербей из жашырып кеткен.

Бул иш боюнча жалпы 4 арыз катталып, Кылмыш-жаза кодексини 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 350 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени такталган. Кылмыш ишине Т.К. аттуу Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну шектелип, Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан