Олимпиадалык резервдеги мектептин тарбиялануучулары эл аралык турнирде медалдарга ээ болушту

Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Катардын Доха шаарында өткөн Гран-При сериясындагы турнирде медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бекдөөлөт Расулбеков эл аралык турнирде алтын жана күмүш медаль тагынды. Ал 109 килограммга чейинки салмакта жулкуп көтөрүүдө 162 килограммды, түртүп көтөрүүдө 219 килограммды көтөрдү.

Турнирдин коло медалын 67 килограммга чейинки салмак ченинде Ишенбек Муратбек уулу түртүп көтөрүүдө 164 килограммдык жыйынтык көрсөтүп, жеңип алды.

Турнир 4-декабрда башталып, 14-декабрда аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан