Бишкек мэриясы шаардыктарга Жаңы жылдык салаттарды канализацияга агызууга болбой турганын эскертет.
Маалыматта Бишкек шаарындагы саркынды сууларды чыгаруу системасы суюк тиричилик калдыктарын кабыл алууга арналганы белгиленген.
"Көпчүлүк учурда шаардыктар канализацияны ар кандай таштандыларды төгүүчү каражат катары колдонушат. "Бишкексууканал" ишканасы канализацияны пайдалануу эрежелерин сактоого жана таштандыларды чыгарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Бул саркынды сууларды чыгаруунун тазалыгын жана натыйжалуу иштешин сактоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.