Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда М.А. аттуу жаран милицияга кайрылган. Арыздануучу 2021-жылдын январь айында А. аттуу жаран ишенимине кирип, Дубай шаарында эт азыктарын сатуу боюнча чогуу бизнес ачабыз деп 22 миң долларын алганын айткан. Шектүү белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1987-жылы туулган И.А. кармалган.
Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.