"Ала-Арча" соода жана оюн-зоок борборунун аянты 2000 чарчы метр болгон турак эмес жайлары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен “Э.И.Г.” компаниясына Тынчтык проспектисинде коомдук жана соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн 2,16 гектар жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Жер тилкелерин берүү шарттарына ылайык ижара берүүчү курулган турак жайдын 10 пайызын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Бирок 2017-жылы “Э.И.Г.” компаниясы пайда көрүү жана милдеттенмелерди аткарбоо максатында 1074 гектар жер тилкесин “Т.И.” ЖЧКсына сатып жиберген, ал өз кезегинде "Ала-Арча" соода борборун куруп салган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында “Т.И.” ЖЧКсы Ала-Арча соода борборундагы (3-кабат) аянты 2000 метр чарчы наркы 344 миллион сомдук турак эмес жайды Бишкек шаарынын мэриясынын ММБДнын балансына өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, аталган 2000 метр чарчы аянтта балдар аттракциону жайгашкан. Эми анын ижара акысы шаардык бюджетке түшөт.
Учурда бул ишке башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.