Кечээ, 15-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары, улуу окумуштуу Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдык маарекесине арналган конференция өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Зууракан Иманкалыкованын жакындары жана туугандары катышты.
Келгендерге тарыхый инсандын өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө жана тасма тартууланды.