Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борборго Илязбек Бегимкулов башкы директор болуп дайындалганын мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
"Маданият министринин буйругуна ылайык, Бегимкулов Илязбек Бегимкулович 13-декабрдан тартып Улуттук маданий борбордун башкы директору кызматын аркалай баштады", - деп айтылат маалыматта.