Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө жайгашкан кафенин чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:12де үч күжүрмөн топ тартылып, жеринде иштеп жатышат.
Андан көп өтпөй саат 15:00гө карата дагы үч күжүрмөн эсеп жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Учурда жалпысынан 6 күжүрмөн топ тилсиз жоону өчүрүүдө.