Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда карда калган унааларды сүйрөп чыгарууда (видео)

Казакстанга жардамга барган Кыргызстандын куткаруучулары карда тыгылып калган унааларды техника менен сүйрөп чыгарууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жамбыл облусунун Кордай районуна кар күрткүдө калган жарандарды куткаруу максатында барган кыргызстандык куткаруучулар түндө Кордай –Шу унаа жолунан чыгып кеткен унааларды сүйрөп чыгарды.
"Кызматкерлер кар күрткүдө калган 16 кыргызстандыкты мекенине кетирди. Алар үчүн "Ак-Жол" өткөрмө постунда жылынуучу пункт ачылып, тамак-аш берилген. Көбүн чек арадан өтөрү менен туугандары тосуп алып кетишсе, калганы ӨКМдин унаасы менен Бишкекке жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Коңшу мамлекетте катаал аба ырайынан улам автоунаалар кар күрткүдө калган. Кечээ Кыргызстандын ӨКМи 39 куткаруучу менен техниканын түрүн жөнөткөн.
Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан