Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Нурланбек Шакиевге тууга өзгөртүү киргизели деп мен айткам"

Бүгүн, 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди.

Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык мамлекетке барганын, айрым жолугушууларда “силер семичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.

“Төрага Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп жатат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип, мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей, мени тепкилегиле”, - деди Жапаров.

Экинчи Элдик Курултай 16.12.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан