Чүйдө унаа айдап качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Маяк айылында 15-декабрда болжол менен түнкү саат 03:00дө болгон. Анда белгисиз жаран Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан.
Тиешелүү кызматкерлерге атайын багыттама берилип, кылмышка шектүү делип 20, 16 жана 15 жаштагы жаш жигиттер кармалган.
Кармалган жарандар Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаасы айып токтотучу жайына токтотулду.