Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан кафедеги ири өрт толугу менен өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоодон коңшу жайгашкан имараттар, үйлөр сакталып калды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.