Биз социалдык тармакта

Стамбулда Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өттү

Стамбулда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз студенттер концерттик программа уюштуруп, улуттук бийлерден аткарып, дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларынан үзүндү тартуулашты.

Эскерүү кечесин башкы консулдук Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык студенттер жана жарандар менен биргеликте уюштурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан