Бүгүн, 17-декабрда Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка караганда, Каракол-Түп унаа жолунда жүргүнчү ташуучу кичи автобус менен жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу мүрт кетип, 9 адам жаракат алды.
Видеодон жеңил унаа экиге бөлүнүп калганын көрүүгө болот.